Кубанычбек Бөкөнтаев ишин айкалыштыруу боюнча Москвадагы резиденциясы менен Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
«Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бөкөнтаев Кубанычбек Кенешович Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.