Кубанычбек Жумалиев заводун мамлекетке өз эрки менен өткөрүп бергенин билдирди

УКМК тарабынан «Коррупция» беренеси менен айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жактоочу Майрамбек Жумабековдун сөзүн төгүндөдү. Анын айтымында, мамлекетке заводун өз эрки менен өткөрүп берген.

Буга чейин жактоочу Майрамбек Жумабеков УКМК депутаттын мүлкүн мыйзамсыз тартып алганын билдирген. «Кубанычбек Жумалиевдин Таш-Көмүр шаарынан анча алыс эмес жайгашкан килейген заводун мамлекеттин эсебине алып коюш үчүн УКМКга жок дегенде соттун өкүмү керек болчу. Бирок өкүм жок. Демек, бул УКМКнын мыйзамсыз иш-аракети катары эсептелет», — деген Жумабеков.

Парламент депутаты бул сөздү төгүндөп, Жумабеков сотто анын кызыкчылыгын жактабай калганына көп болгонун билдирди. «Мен Майрамбек Жумабековдун пикири менен макул эмес экенимди расмий билдирем жана заводду мамлекеттин эсебине өз эрким менен өткөрүп бердим», — деди ал.

Кубанычбек Жумалиевдин үстүнөн ал кездеги Финполго Германия жараны арыз жазган. Ал депутат жана дагы башка адамдар аны ири өлчөмдөгү каражатка алдап кетишкенин билдирген. Тактап айткандай, ишенимге кирүү менен чет өлкө жаранынан 1 миллион долларлык жабдууларды алып, бирок 200 миң доллар гана берип коюшкан.