Кубанычбек Конгантиев сүрдүрүлүп жаткан «Батуми» кафесине тиешеси жок экенин айтты

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев соцтармактагы баракчасында айтылып жаткан кептер тууралуу маалымат берди.

«Кечээтен бери айрым социалдык тармактардын колдонуучулары жаңылыштык менен же атайылап «Батуми» кафеси жайгашкан жер тилкеси, аны бузуу иштери мэрия жана анын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан жер тилкеси мага таандык деген маалыматтарды таратып жатышат. Көрсөтүлгөн жер тилкеси эч качан мага же менин жакын туугандарыма, ошондой эле “Батуми” кафесинин астындагы жер тилкесине жана мекеменин өзүнүн ишмердүүлүгүнө менин эч кандай тиешеси болбогондугун жана байланышы болбогондугун расмий түрдө жарыялайм. Мен ээлерин да тааныбайм. Бул маалыматты тараткан ар бир адамды, сот жана укук коргоо органдарында соттук териштирүүлөрдөн алыс болушун жана менин аброюма шек келтирген туура эмес маалыматтарды таратпоону, этият болууга чакырам»,- деп жазды ал.