Кубат Болотканов КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагасы болуп дайындалды

Кубат Болотканов КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Белгилүү болгондой, Байкоочу Кеңештин төрагалыгына Кубат Болоткановдон сырткары Тимур Алхожоев да талапкер болгон. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында, көпчүлүк Болоткановдун талапкерлиги жактырылган.

Буга чейин КТРКнын жетекчилигине да сынак жарыяланган. Документтерди кабыл алуу 18-ноябрга чейин уланат.