Кубат Оторбаев: «Текебаев менен Чотоновдун күнөөсү жоктугун жазгам. Акыйкатчылыктан кеткенимдин бир себеби ушул»

Акыйкатчылыктан кеткенимдин бир себеби Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча Сооронбай Жээнбековго кайрылуум болгон эле. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, дал ошол кайрылуудан кийин ал Алмазбек Атамбаевге да, Сооронбай Жээнбековго да жакпай калган.

«Анда мен ишти жиликтеп, далилдер менен Өмүрбек Чиркешович менен Дүйшөн Чотоновдун күнөөсү жоктугун жазган элем. Атамбаев дагы Текебаевди камаганда туура эместигин дароо эле ачык кайрылуумда жазгам. Атамбаевге дагы, Жээнбековго дагы ошондон кийин жакпай калдым. Анан өз арызым менен Акыйкатчылыктан кеттим. Анын үстүнө 6-чакырылыштын кебетеси мени коргочудай түрү жок эле», — деп жазды ал.

Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду актаган өкүм чыгарды.