«Кумтөр» улутташтырылсын» деп чыккан Кубатбек Кожоналиев компанияда жетекчилик кызматка дайындалды

Кубатбек Кожоналиев «Кумтөр Голд» компаниясынын корпоративдик байланыш жана укуктук маселелер боюнча директору болуп дайындалды. Маалыматты журналисттерге өзү тастыктады. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка өткөн жумада «Кумтөрдүн» убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кол койгон.

Кубатбек Кожоналиевдин кесиби юрист. Эгемендикти алган жылдары Кыргызстандын аскер прокурору, улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

2012-жылдын 3-октябрында Кожоналиев Бишкектин борбордук аянтында өткөн «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча митингден кийин кармалган. 2012-жылы 5-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо бийликти күч менен басып алууга айыпталган. Көп өтпөй үй камагына чыгарылып, 2013-жылдын 29-мартында Биринчи май райондук соту аны толугу менен актаган.