«Кудай чоң сактады». Жарандык активист Улан Үсөйүн унаасынын дөңгөлөктөрүн бошотуп кетишкенин билдирди

Эки күн мурун кызыктуу жана күмөн саната турган окуя болду. Унаамдын алдыңкы бир дөңгөлөгүнүн эки буроосун чечип, үчөөсүн бошотуп, андан тышкары эки дөңгөлөктүн буроолорунун баарын бошотуп кетишиптир. Бул тууралуу жарандык активист, «Баштан-башта» кыймылынын негиздөөчүсү Улан Үсөйүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал эки кун мурда эле унаа оңдотуучу жайга барып, унаасын текшертип келген.

«Өзүнөн-өзү эч качан андай болушу мүмкүн эмес эле. Андан эки күн мурун СТОдон текшертип, Токтогулга чейин барып келгем. Эми унаа айдагандар билесиңер, чоң жолго чыгып, ылдамдыкта бара жатканда
алдыңкы бир дөңгөлөк ыргыса, бош турган эки дөңгөлөк менен эмне болмокмун. Кудай чоң сактады!

Кудай жалгап, ордубуздан жылаарыбыз менен буроосун чечип кетишкен дөңгөлөк жарылып калып, билип калдык. Болбосо, балким бул постту жазбай да калат белем. Эми эмне дешти, эмне деп ойлошту да билбей калдым. Баарыбызга аманчылык! Сак жүрөлү! Жараткан күтүүсүз жана даярдалган кырсыктан сактасын», — деп жазды ал.