УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.
“Биз көпчүлүгүн, дээрлик бардык адамдарды кечиришибиз керек. Биз башкаларга окшош эле жөнөкөй адамбыз. Эмнеге кечирбейсиң, сен Кудайдан да жогору турасыңбы? Кудай кечирип жаткан соң, кечирбегендей сен кимсиң? 8 миллиард адамдын бирисиң, болгону ошол. Кудайдан бийик боло албайсың. Биз карапайым адам катары калабыз жана жок болобуз”, — деп жазды ал.