“Кудайберген” базарында чыккан өрттөн 10дон ашуун контейнер күйүп кетти

“Кудайберген” базарында чыккан өрттөн 10дон ашуун контейнер өрттөндү.

Бишкектеги “Кудайберген” базарында чыккан өрттө унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйгөн. Өрт саат 17:45те чектөөгө алынды.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм тартылды.Мындан сырткары мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана Тез жардам кызматы тартылды.

Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.