Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге киргизилди

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Тайчабаров “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу” беренеси боюнча айыпталып жатат.

«Бишкек» эркин экономикалык аймактын жана Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Тайчабаров  30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга арыз берген эле. Көп өтпөй анын кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарап, БШК аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.