«Кулагы кесилген кыз, колу кесилген бала». Оштогу балдар ооруканасы ата-энелерге чукул кайрылуу жасады

Оштогу балдар ооруканасы ата-энелерге чукул кайрылуу жасады. Анда ата-энелер балдарды үй жумуштарына тартуу менен өмүрүнө тобокелчилик жаратып жатканын эске салды.

«Биздин оорукана электр араасы менен кулагы кыркылган өспүрүм кыздын ата-энеси кайрылып, андан кийин колун чөп кырккан аппарат менен кыркып, эти жана бармак сөөктөрү сынып, эзилип калган абалда келген баланы кабыл алышты. Албетте, мындай абалда колубуздан келишинче жардам берип, калыбына келтирип, операция жасайбыз. Бирок мындай кайдыгерликтен балдарыбызга оор жумуш тапшырып, алардын өмүрүн тобокелге салып жатасыздар. Сиздерден сураныч, мындай иштерди техникалык коопсуздукту сактап, эрежеси менен иш кылыңыздар! Баланын келечегине өзүңүздөр балта чаппаңыздар!» — деп сүрөт менен бөлүшүштү.