«Кулагы ооруган баланы кызамык менен ооругандын жанына жаткырышкан». Депутат дарыгерлерге кайрылды

Депутат Эрулан Кокулов комитет жыйынында дарыгерлерге кайрылды.

«Эмне мынча адамгерчиликсиз болуп калдыңар? Силерге эмне болду? Бизде жеке медицина, туугандардын, анан тааныштардын медицинасы болуп калды. Башка эч нерсе жок. Гиппократтын анты эмне болду? Мен түшүнүп жатам, айлык маянаңар аз. Анда кеткиле да.

Алайда бала кулагы ооруп, ооруканага жаткан. Кызамык менен ооруган бала менен чогуу жаткырып коюшкан. Андан аркысын айтпай эле коеюн… Адамдын жашоосун бизнес кылып койдуңар», — деди ал.