Кулак-мурду кескиленген келиндин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылышты

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаеванын жактоочулары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине нааразы болуп, Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында коргоочу Улан Сейитбеков билдирди.

Анын айтымында, аял мурунку күйөөсүнүн зомбулуктары боюнча милицияга көп жолу кайрылган. Ага бир нече жолу коргоо ордери берилген. «Асел Ногойбаевага 2022-жылдын 31-августунда, 26-ноябрында, 23-январында, 15-майында жана 26-августунда коргоо ордери берилген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракетсиздигинен улам биз буга чейин Башкы прокуратурага кайрылганбыз», — деди Улан Сейитбеков.

Адвокат Индира Саутова эркек киши экинчи ирет зордуктап, ур-токмокко алгандан кийин үй камагында жатып, келинди коркутуп, артынан түшкөнүн айтып, коргоо ордери натыйжалуу эместигин айтты. «Коргоо ордери кагаз түрүндө гана берилген. Бирок ал ишке ашкан жок. Эгерде айыпталуучу жабырлануучуга жакындаса, милиция ишти түз эле сотко жөнөтүшү керек болчу, бирок андай болгон эмес», — деди ал.