Кулак-мурду кескиленген келинге мурдагы жолдошунун СМС жазышы. ЖАК үн катты

Кулак-мурду кескиленген келинге мурдагы жолдошу СМС жазып жатканын Асел Ногойбаеванын социалдык тармактагы баракчасында жакыны тарабынан айтылган. Анын айтымында, Асел Ногойбаева окуядан кийин психологдорго барып, өзүнө келүү аракеттерин көрүп жатса, абакта жаткан жолдошу ага телефондон кат жазып жатат.

Жакыны УКМКга, ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылып, мурдагы жолдошунда телефон бар экенин, ачык эле жазып жатканын, анын коомго коркунуч жарата турган адам экенин айтып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

ЖАКтан журналисттерге окуя боюнча маалымат беришти. Жаза аткаруу кызматы №1 СИЗОдо чара көрүп, Азамат Эстебесовго тиешелүү жашыруун жайдан телефонду табышкан. ЖАК телефонду СИЗОдо жумуштарды жасап жүргөн соттолгон А.Б. бергени, ага телефонду мекеменин сыртынан ыргытышканын билдирди. Аселдин мурунку күйөөсү жана соттолгон А.Б. жазалоочу камерага камалган. Кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.