Кулак-мурду кескилгенген келинге түрк дарыгери бекер пластикалык операция жасарын билдирди

Мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген келиндин бүгүнкү абалы туруктуу оор. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакыны билдирди.

«Абалы туруктуу оор. Кулагы, мурду, тамагы, уйку артериясы да кескиленген. Анын баарын калыбына келтирүү керек. Учурда ал түтүкчө менен эле суу ичип жатат. Түрк дарыгери ага пластикалык операцияларды бекер жасап берүүнү сунуштады. Бирок пластикалык операцияга чейин дагы органдарды калыбына келтирүүчү операциялар керек болот. Түрк дарыгеринин Бишкекте жана Түркияда да клиникалары бар экен. Чыгымын өзү көтөрөрүн билдирди. Мыкты дарыгерлер иштерин айтты», — деди жакыны.