Кулунду айыл аймагында абал туруктуу

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында милиция кызматкерлери күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кулунду айыл аймагынын Кулунду, Интернационал, Максат, Бешкент, Кайрагач айылдарында жергиликтүү милиция кызматкерлери, Бишкек, Чүй, Ош облусунан келген кызматкерлер менен кайгуул күзөттөрүн жүргүзүп жатат.

«Кайгуул күзөттө ошол айылдагы ыктыярдуу элдик кошуун милиция кызматкерлерине жакындан жардам берип, жергиликтүү тургундарга абалдын туруктуулугун, дүрбөлөңгө түшпөөнү, укук бузууларга жол бербөөнү суранып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жогоруда аты аталган аймактарда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуун менен биргеликте патрулдарга бөлүнүп 2 сменде айылдарды аралап, коомдук тартипти сактоодо. Бүгүнкү күндө Кулунду айыл аймагында абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.