«Кумтөр» алтынын сатып алуу. Улуттук банк келишим боюнча түшүндүрмө берди

«Кумтөр» ишканасы тарабынан казылып алынган алтынды сатып алуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган маалыматтар тууралуу Улуттук банк төмөнкүлөрдү билдирет. 

Мыйзамга ылайык, Улуттук банк жана Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп чыгарылган алтынды сатып алуу боюнча артыкчылык укугуна ээ. Алтын валюта резервинин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында, Улуттук банк жергиликтүү алтын өндүрүүчү ишканалар тарабынан сунушталган алтынды улуттук валютага гана туруктуу негизде сатып алып турат.  

«Бул операциялар «Кыргыз алтын» ачык акционердик коому менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы макулдашуунун чегинде гана жүргүзүлөт. «Кыргыз алтын» ачык акционердик коому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтындын кезектеги партиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылган. Азыркы учурда аталган сунуш белгиленген тартипте каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.