«Кумтөр Голд Компанинин» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүрүп жатат

Бишкекте «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Кулатов көчөсүндөгү кеңсеси тинтүүгө алынууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Жеринде УКМКнын кызматкерлери иштеп жатканы айтылды. Алар компаниянын кеңсесинен эмнени издеп жатышканы белгисиз.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Белек Калыков 24.kg сайтына билдиргендей, редакция бардык жеткиликтүү маалыматтарды дүйшөмбү күнү гана ала алат. Анткени көзөмөлдөө органынын кызматкерлери бүгүн ишемби болгондуктан, эс алып жатышат.