«Кумтөр» иши боюнча депутат айымдар сурак берип чыкканы айтылууда

Кечээ, 10-июнда “Кумтөр” иши боюнча Жогорку Кеңештин депутат айымдары суракка чыкырылды. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, депутат Наталья Никитенко жана экс-депутат Эльвира Сурабалдиева күбө катары сурак берип чыгышкан.

Буга чейин “Кумтөр” ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутаттар Максат Сабиров менен Ширин Айтматова жана башкалар күбө катары сурак берип чыгышкан.