«Кумтөр» иши боюнча камалган Исхак Пирматов «Бикард» менчик клиникасына жаткырылды

«Кумтөр» кылмыш иши боюнча кармалган экс-депутат Исхак Пирматов «Бикард» менчик клиникасына жаткырылды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыгууда.

Мурдагы депутат 31-майда УКМК тарабынан кармалып, анын коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна камалган.