Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Штаттык режимде иштеп жатат

Бүгүн түнү болгон жер титирөөгө байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Кумтөр кенинде абал туруктуу экенин билдирди.

Жер титирөө учурунда Кумтөр кен ишканасынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышкан. Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат.