Кумтөр кенинде профсоюздар иш таштап башташы мүмкүн деп айтылууда

Кумтөр кенинде забастовка болору тууралуу маалыматтар таратылууда. Бул тууралуу Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун башчысы Элдар Тажибаевдин билдирүүсүндө айтылат. Анын айтымында, айрым күчтөр жамаатты манипуляция кылууга жана кенде забастовка өткөрүүгө демилгелеп жатышат. «Бул маселени ким көтөрүп жатканы белгисиз. «Кумтөрдүн» ишин токтотуу Кыргызстандын жана анын жарандарынын, ошондой эле кызматкерлеринин кызыкчылыгына каршы болот», — деди Элдар Тажибаев.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын профкомунун төрагасы Калысбек Рыспаев: «Кызматкерлердин арасында маяна кыскарышына жана айлык убагында төлөнбөй калышы ыктымалдыгына байланыштуу өндүрүштү токтотуу маселеси активдүү талкууланып жатат», — дейт.