«Кумтөрдөн» өндүрүлгөн алтын кайсы жакка сатылат? Министрликтин жообу

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов министрден «Кумтөрдөн» канча алтын өндүрүлгөнүн, канча алтын сатылганын сураган.

«Кумтөрдү өзүбүз иштетип жатабыз дедик. Эл кызыгып жатат. «Кумтөрдөн» канча алтын алдык, канча алтын саттык, каякка саттык, сатпасак каякта сакталып турат?» — деп суроо узатты. Ал эми министр алтын боюнча эч кандай маалыматы жок экенин айтты. Бул өз учурунда соцтармакта кызуу талкууну жараткан эле.

Финансы министрлиги маалымат таратып, «Кумтөрдөн» өндүрүлгөн алтын кайсы жакка сатылып жатканын айтышты. «Кумтөр кениндеги өндүрүштүн акыркы продуктусу алтын, күмүш жана башка аралашмаларды камтыган Доре эритмеси болуп саналат, аны аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү жана андан ары сатуу үчүн «Кыргыз алтын» сатып алат. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу “Кумтөр” кенинен өндүрүлгөн продукцияны сатууга байланышкан маселе “Кыргыз алтын” ишканасынын компетенциясына кирет. Финансы министрлигине келсек, анын функцияларына консолидацияланган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн болжолдоо, кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана талдоо кирет. Буга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2020-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө «Кумтөр Голд Компаниден» 9 миллиард 618,7 миллион ​​сом түшкөнүн, жылдык план 9 миллиард 113,7 миллион ​​сом болгондугун маалымдайбыз. Ал эми 2021-жылдын 11 айында 6 миллиард 998,8 миллион сом түшкөн», — деп айтылат маалыматта.