Кумтөрдүн 19 тонна алтынынан түшкөн акча каякка коротулганы айтылды

Улуттук банк 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатты. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 28-октябрда «Альянс» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал бул алтын Улуттук банктын балансында барбы же жокпу сурады. Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев “ооба, алтын Улуттук банктын балансында турат” деп жооп берди.

«2021-жылы 20,5 тонна сатып алдык, алар Швейцарияга көчүрүлдү, анын 19 тоннасы сатылды», — деди ал. Депутат алтын сатуудан түшкөн каражат эмне болгонун сурады.

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары 2021-жылы алтынды сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү, болжол менен 760 миллион доллар курсту кармап турууга жумшалганын айтты. Ал кошумчалагандай, өкмөттүн тышкы карызын жабууга 250 миллион доллар жумшалып, азыр бир аз бөлүгү Улуттук банкка тиешелүү коммерциялык банктардын эсебинде турат.