«Кумтөрдүн» кызматкерлерине айлык акы төлөп берүү убадаланды

«Кумтөрдөгү» өндүрүшкө керектүү запастар эки-үч айга жетет. Бул тууралуу маалымат жыйынында компаниянын убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Өндүрүшкө керектүү запастар эки-үч айга жетет. Азыр биз жеткирүүчүлөр менен келишимдерди узартуу үчүн кат жазып жатабыз», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Компаниянын убактылуу сырттан башкаруучусу кызматкерлердин айлыгы төлөнө тургандыгын айтты. «Авансты 28-майда, калган айлыкты 15-июнда төлөйбүз», — деди ал.