Активист Максат Касеновду белгисиз жарандар, белгисиз тарапка кармап кетишти. Бул тууралуу социалдык тармактарда анын достору билдиришти.
Алардын айтымында, окуя бүгүн саат 10:00 чамасында болгон. «Аны белгисиз тарапка беткапчан, куралчан адамдар алып кетишти. Анын үйү да тинтүүгө алынган. Максат Касеновду кайда жана эмне үчүн алып кеткенин бизге түшүндүрүп бериңиздер”, — деп айтылат видео кайрылууда.
Белгилей кетсек, Максат Касенов «Улуу Кыргызстан» саясий кыймылынын лидери жана Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон.