“Мен эч кимди коргогум, жактагым келбейт. Калыс болсом, куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда «жогору жактан» буйрук күтпөй кылмышкерди жок кылууга инструкциялар жол берет», — деди экс-депутат Феликс Кулов. Ал мындай комментарийин социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Анын айтымында, тиешелүү инструкцияларга ылайык, куралдуу каршылык көрсөтүлгөн учурда атайын кызматтын өкүлүнүн жогору жактан команда күтпөй эле курал колдонууга акысы бар. «Аналогия боюнча жакынкы эки жылда коррупцияны жоюуга каршы күрөштү айтууга болот. Бирок бул коррупционерлер физикалык жактан жок кылынат дегенди билдирбейт», — деп жазган Кулов.