Куран китепти илип, арча менен суу чачып жаткан видео тууралуу муфтий үн катты

Социалдык тармактарда Куран китепти илип, арчаны суулап адамдарга суу чачып, акча таштап жаткан видео тараган. Видео боюнча муфтий Замир Ракиев билдирүү таратты.

«Бул видео ар кандай пикир жаратып жатат. Бул атеисттик замандагы салт. Аталар Куран балдардын эсинен чыгып кетпесин деп, Куранды бир жерге коюп, өптүрүп коюшчу экен. Эми алар Куранды сактап калалы деген ниетте кылышкан. Азыр эми динибиздин эркиндиги бар. Дин эркиндигибизди баалап алалы, туугандар. Бирок ушундай адаттарды дагы кыла бере турган болсок, бул адамдардын арасында түшүнбөстүк пайда кылат. Муну мурда аргасыздан кылышчу», — деди ал.