«Куранды бурмалаган депутат отурат». Аравандын тургундары Арсланбек Малиев катышкан жыйындан чыгып кетишти (видео)

Бүгүн, 13-майда Ош облусунун Араван районунда “Элдик” депутаттык тобу көчмө жыйын өткөрүүдө. Күн тартибинде облустагы жазгы талаа иштери, жолдордун абалы, социалдык көйгөйлөр жана чек ара маселелери кирген. 

Депутаттар менен жолугушууда айрым жергиликтүү тургундар залдан чыгып кетишти. Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов депутаттардын жыйынына чакырылып, бирок ага сөз берилбей жатканы аларга жаккан эмес. Ошондой эле залда депутат Арсланбек Малиевдин отурганына айрым жергиликтүү тургундар нааразы болушту. Алар «бул жерде Куранды бурмалаган депутат отурат» деп кыйкырып, жыйындар залынан чыгып кетишти.

11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын окуп берген. Көп өтпөй Муфтият күнүмдүк жыргалчылык жана саясат үчүн Куранды бурмалабоого жана булгабоого чакырган.