Курч респиратордук инфекция. №3 балдар ооруканасына кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйдү

Бишкектин Шаардык балдар ооруканасына вирустук инфекция менен ооругандардын агымы дээрлик эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева маалымат жыйынында билдирди.

Ал пандемия башталгандан бери оорукана балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын функцияларын аткарып келгенин эске салды. «Бизге вирустук гепатиттен башка вирустук жана ичеги инфекциялары менен ооругандар жаткырылат», — деди ал. 

Ал кошумчалагандай, акыркы күндөрү кайрылгандардын саны көбөйдү. «Эгерде мурда педиатрлар 200 баланы текшерсе, азыр — 370-400гө чейин жетүүдө. Бул, балким, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу», — деди башкы дарыгердин орун басары.