Борбор калаанын Тез жардам кызмат көрсөтүү борборунун башчысынын орун басары Егор Борисов соцтармактагы баракчасына Тез жардамды чакыруулар көп болуп жатканын жазды.
«Курч респиратордук инфекциянын өтө көп болуп жатышы байкала баштады. Бул ковид эмес, сезондук инфекция. Мындан улам Саламаттыкты сактоонун түйшүгү көбөйдү. 103 толуп кеткен. Бейтапканалар жумасына жети күн иштейт. Буга байланыштуу, эртеңден баштап балдар дагы Диагностикалык борборго кабыл алынат», — деди ал.
Вспышка ОРВИ ощутимая. И да, это не Ковид, это сезонное ОРВИ. Нагрузка на здравоохранение действительно большая. 103 перегружены. Поликлиники работают без выходных.
В связи с этим, с завтрашнего дня детей так же будут принимать в Диагностическом центре (на Киевской)— Егор (@borisov103) October 21, 2021