Курман айттын качан белгиленери айтылды

Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта 11-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 19-июль арапа күнү, 20-июль Курман айт майрамы белгиленет деп айтылат.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төө союп, дасторкон даярдап, бири-бирин коноктошот.