16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги жума мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:25 Баяндар;
7:25-7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
07:30 Курман айт намазы.
Буга чейин Орозо Айт намазы коопсуздук маселесинен улам чоң аянтта эмес, мечиттерде окулган.