Курманкул Зулушев мурдагы президенттерге козголгон кылмыш иштер боюнча маалымат берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында мурдагы президенттерге козголгон кылмыш иштер боюнча маалымат берди.

«Курманбек Бакиевге карата кылмыш иши козголгон. Сырттан соттолгон. «Кумтөр» боюнча Аскар Акаевге козголуп, күнөөсү далилденбегендиктен кыскарган. Алмазбек Атамбаевге карата 9 кылмыш иш бар. Бүгүнкү күндө соттук кароодо. Ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө чыккан. Кайтып келсе, соттук териштирүү улантылат»,- деди ал.