«Тез арада Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Себеби өмүрүмө, ден соолугума, эркиндигиме коркунучтар пайда болду, булардын куугунтугунун айынан төрөлө элек, 6 айлык курсактагы балам дагы чарчап калды». Бул тууралуу жеке ишкер Илгиз Шаменов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Булардан 1 айдан бери жеке күзөт сурап алалбай койдум. Өтө коркунучтуу жардыруучу зат граната койгону боюнча 139-берене күлкүнү келтирерлик. Москвадан жеке иштеримди бүтүрүп, дарыланып, кайра 10-14 күндүн аралыгында кайтып келем. Мени качып кетти деп, дагы кара пиар кылышып, гранатаны «өзүнө-өзү койду, жараксыз экен» дешти. Жакынкы аралыкта толук видео кайрылуу менен жалпы элге ачык айтып берем», — деп жазды ал.
Милиция 11-августта “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылганын билдирген. Табылган зат жараксыз абалдагы РГД-5 гранатасы экени аныкталган. Аны сыноо учурунда граната жарылган эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын жеке ишкер Илгиз Шаменов билдирген.