«Жубайымдын курсагындагы балам чарчап калды». Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов өлкөдөн чыгып кетти

«Тез арада Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Себеби өмүрүмө, ден соолугума, эркиндигиме коркунучтар пайда болду, булардын куугунтугунун айынан төрөлө элек, 6 айлык курсактагы балам дагы чарчап калды». Бул тууралуу жеке ишкер Илгиз Шаменов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Булардан 1 айдан бери жеке күзөт сурап алалбай койдум. Өтө коркунучтуу жардыруучу зат граната койгону боюнча 139-берене күлкүнү келтирерлик. Москвадан жеке иштеримди бүтүрүп, дарыланып,  кайра 10-14 күндүн аралыгында кайтып келем. Мени качып кетти деп, дагы кара пиар кылышып, гранатаны «өзүнө-өзү койду, жараксыз экен» дешти. Жакынкы аралыкта толук видео кайрылуу менен жалпы элге ачык айтып берем», — деп жазды ал.

Милиция 11-августта “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылганын билдирген. Табылган зат жараксыз абалдагы РГД-5 гранатасы экени аныкталган. Аны сыноо учурунда граната жарылган эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын жеке ишкер Илгиз Шаменов билдирген.