Курсан Асановдун сүйлөшүүсү делген видео боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Социалдык тармактарда бийликти басып алуу тууралуу жазылган аудио — жасалма. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Чынар Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Москва менен Алматыдан келген эксперттер ушундай тыянакка келишкен. «Биз эки көз карандысыз экспертизаны демилгеледик. Эксперттер ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов бийликти басып алуу жөнүндө айтып жатат делген жазуу монтаждалган деген тыянакка келишти. Документтерде секундада канча файлдан алынган аудиолор экени жазылган”, — деди ал.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты. Ал эми Курсан Асанов соттун чечими менен 2 айга СИЗО-50гө киргизилген.