Куршаб районунун талапкерлери шайлоонун жыйынтыгын кайра кароону талап кылышууда

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна №10 Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерден арыз түшкөн.

Анда аталган округдан көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Данияр Төлөновдун агитатору шайлоочуларды сатып алуу максатында жарандардын паспортун чогултуп жүргөнү айтылат. Талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылууда. Маалымат тактоо үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

БШК арыздар 18-декабрга чейин караларын маалымдады.