«Курултай күнү төрөлдү». Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым берилди

25-ноябрда Бишкектеги төрөтканада 41 жаштагы Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыпова үч эм төрөдү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жакындары тастыкташты.

Маалыматка караганда, үч эмге президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан коюлган. Алардын ортосундагы ынтымакты үчүнчү эмге беришкен. «Курултай күнү эртең менен саат 09:40та көз жарды. Учурда эне жана балдардын абалы жакшы», — деди абысыны.

Буга чейин түгөйлөр 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.