Курултайда делегат өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте Элдик курултай өтүп жатат. Делегат сөз сүйлөп жатып, коррупционерлер менен педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, муну Конституциялык сот карап чыгышы керек.

«Албетте, муну тиешелүү органдар тактап чыгып, аткаруу зарыл. Болбосо бөрк ал десе баш алуу болуп кетпесин»,- деди ал.