Курултайга келген эң улуу делегатка белек берилди

Элдик Курултайдын эң улуу делегаты болгон Сокулук районунан келген 98 жаштагы Улукбек Эргешовго президент Садыр Жапаровдун белеги тапшырылды.

20-декабрдагы Курултайда ага чапан жабылып, тебетей кийгизилди.

Үчүнчү улуттук курултай 20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат.