Президент Садыр Жапаров Курултай учурунда залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүнгөн. Дээрлик бардыгы толук кол көтөрүшкөн. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткен.
«Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү Элдик Курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет», — деди Садыр Жапаров.