Бүгүн, 1-август күнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдык салтанаттуу мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана иш-чаранын кадырлуу коногу — Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов катышты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул маанилүү дата өлкөнүн курулуш тармагындагы тарыхый жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги максаттарын дагы бир жолу белгилөө экенин билдирди. Мындан сырткары курулуш тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин алкоо сыйлыгы менен министрликтин бир катар кызматкерлери сыйланды.