Курулушу бүгүн башталды. Токмокто Ислам академиясы ачылат

Бүгүн Токмок шаарында Ислам академиясынын келечектеги имараты салынып баштады. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фонддун башкы директору Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алганда белгилүү болду.

Жапаров учурда Кыргызстан үчүн диний билим берүү актуалдуу маселе экендигин жана аны чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу талап кылынарын баса белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет башчысы Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулуш долбоорун колдоп бергендиги үчүн Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы фондго ыраазычылыгын билдирди.

Фонддун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Амери Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулушу жөнүндө маалымат берди. Академия үчүн Токмок шаарынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп берилген жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынган.

2020-жылы академиянын пайдубалын түптөө пландалган, бирок коронавирус пандемиясынын айынан долбоорду ишке ашырууну кийинкиге жылдырууга туура келген.

Анын айтымында, бүгүн Токмок шаарында Ислам академиясынын келечектеги имаратынын пайдубалын түптөө аземи болот.

Келечектеги Ислам академиясында 200дөй студент окуй тургандыгы, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окушары болжолдонууда. Ошондой эле даярдоо курсу менен квалификацияны жогорулатуу курсуна 50 орун бөлүнгөн.

Бул жогорку окуу жайда диний сабактарды тереңдетип окутуу камтылган светтик билим берүүгө багытталган магистратура жана докторантура программалары боюнча аралаш билим берүү караштырылууда.