«Курут эмес, момпосуй». Табалдиева парламенттин жыйынында оозуна эмне салганын айтты

Кечээ, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин артында отуруп, курут жеп, оозун боёп отурган аялдын видеосу жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Кийин ал айымдын юридика илимдеринин доктору, эксперт Венера Табалдиева экендиги маалым болгон. Табалдиева «Вести.кг» сайтына эмне үчүн боёно баштаганын айтып берди. «Мен адатта макияж кылбайм. Коронавирустук кырдаалга байланыштуу антисептикти көп колдоном. Эриндер тынымсыз жарылып турат. Жарылып кетпеши үчүн ар дайым боёп турам», — деди ал.

Мындан тышкары, эксперт көпчүлүк айткандай курут эмес, момпосуй жегенин тактады. «Бул курут эмес болчу. Менде канымда канттын деңгээли жогору. Маал-маалы менен момпосуйду оозума салам. Ушундай ысыкта кантип туздуу курут жесең болот? Адамдар тынчсызданганда, алар ар дайым колу менен бир нерсе жасашат, нерселерди жылдырышат жана башка. Чынын айтсам, мен тынчсызданып жаттым. Кантсе да, биринчи окуу. Ал эми сиз тынчсызданганда, кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт. Ошол учурда абалымды сездим — шашылыш түрдө сергитүүчү момпосуйду оозума салып алышым керек болду», — деди ал.