«Курут жеп, оозун боёп». Парламенттеги айымдын кылыгы талкууда (видео)

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан аял киши курут жеп, оозун боёгонун көрсөткөн видео социалдык тармактарда талкууга алынууда.

Парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун сунуштап, маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.  Анын артында отурган аял кишинин кыймылы видеого түшүп калган. Анын юридика илимдеринин доктору, профессор Венера Табалдиева экени белгилүү болду.