«Кусуу, баш ооруу, дене таптын көтөрүлүшү». Кыргызстанда энтеровирустук инфекциянын учурлары катталып жатат

Денеге чыккан бүдүрчөлөр, кусуу, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү — энтеровирустук инфекциянын негизги белгилери болуп саналат. Бул жөнөкөй сезондук оору. Кыргызстанда азыр күчөшү байкалган жок, бирок учурлары катталып жатат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

«Ичеги, энтеровирустук жана ротавирустук инфекциялардын көбөйүшү күтүлүүдө. Акыркы 2-2,5 жылдын ичинде жугуштуу ооруларга чалдыгуу төмөн болгон, анткени көптөгөн адамдар обочолонууда болуп, беткап тагынуу режимин, социалдык аралыкты сактап, үйдө отурушкан. Коронавирус инфекциясы басымдуулук кылды. Азыр дагы COVID-19 учурлары бар, бирок ичеги, энтеровирустук инфекциялар менен ооругандар да кабыл алынууда. Кимде оорунун өтүүсү орточо жана оор болсо, биз ооруканага жаткырабыз. Калгандары амбулатордук түрдө дарыланууда», — деди Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Айнура Узакбаева.

Эгерде сизде дене табынын көтөрүлүшү, кусуу белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылып же Тез жардам чакырууңуз керек. Эч убакта өз алдынча дарыланууга болбойт! Антибиотиктерди ичпеңиз, майда бүдүрчөлөргө эч нерсе сүртпөңүз, бул терс таасирлери менен коштолуп, диагноз коюуну кыйындатат.