«Кусуу, ич өтүү, исиркек, кургак жөтөл». Коронавирус менен ооруган балдарда кездешүүчү сейрек белгилер

COVID-19 менен ооруган балдардагы кездешүүчү сейрек белгилер тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымат беришти.

1. Кусуу жана диарея. Симптом коркунучтуу, анткени суюктуктун 10 пайызын жоготуусу олуттуу кыйынчылыктардын себеби болуп саналат. Ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн.
2. Исиркек (кызыл майда бүртүкчөлөр). Ковиддин адаттагы белгиси эмес. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам чыгып, исиркектер көбүнчө буттарда пайда болот. Бул өтө ыңгайсыздыкты жаратпайт, бир жумага жакын созулат. Бул учурда ымыркайдын улгайган туугандары менен байланыштырбаш керек.
3. Кургак жөтөл. Жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси. Ал вирус трахеяга, бронхторго, тамакка таасир эткенден кийин пайда болот. Анын үстүнө, оорунун баштапкы стадиясында былжыр өтө илээшчек болгондуктан, оңой чыгып кете албайт. Ошондуктан, жөтөл кургак болот.

Ымыркайда COVID-19дун белгилери бар болсо эмне кылуу керек?

Бир гана туура кеңеш: дарыгерге кайрылуу. Бала ооруканада эч кимге жугузуп албашы үчүн дарыгерди үйгө чакыруу керек. Балада ковид бар экенине кандайдыр бир шектенүү пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз. Вирус менен тамашалашууга болбойт.