Куткаруучулар бутун кокустатып алган кызга жардам беришти

Чүй облусунун «Ала-Арча» капчыгайындагы эс алуучулардын бири бутун кокустатып алган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Тагыраагы 18 жаштагы И.А. аттуу кыз жыгылып, бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган. Ал жерге мамлекеттик паркта нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, жабырлануучуну тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көргөзүп туугандарына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу.