Бишкекте куткаруучулар түнкү саат 01:40та сууга секирди делген кишини издешти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Шота Руставели менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн эркек киши Ала-Арча суусуна секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан 01:40та 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада маалымат тастыкталган эмес.